SON DAKİKA

Bir Magazin
Bir magazin üç yaşında

Президент Садыр Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды
Bu haber 06 Temmuz 2023 - 22:15 'de eklendi.

 

 

 

2023-

 

 

 

 

Президент Садыр Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды.

 

 

 

 

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

 

 

 

Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө чоң маани берерин белгилеп, Малайзия Кыргызстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, анын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

 

 

 

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирип, өлкөдө түзүлгөн чет элдик инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды белгиледи. Тактап айтканда, ал энергетика, туризм, айыл чарба жана маалыматтык технологиялар тармактарындагы эки тараптуу потенциалды белгиледи.

 

 

 

Учурдан пайдаланып, Мамлекет башчысы Малайзиянын Султаны Абдулла Ахмад Шахты жана Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Малайзиянын Премьер-министринин атынан саламын айтты.

 

 

 

Ал өз өлкөсүнүн жетекчилигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңири чөйрөдө, анын ичинде соода, инвестиция, билим берүү жана туризм жаатында кеңейтүүгө жана бекемдөөгө умтулгандыгын баса белгиледи.

Замбри Абдул Кадир Мамлекет башчысы менен болгон бүгүнкү жолугушуу жана анын расмий сапары Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин бекемделишине жана өсүшүнө түрткү берерин канааттануу менен белгиледи.

 

 

 

Тараптар эки жактан тең мамилелерди тереңдетүү үчүн зарыл болгон бардык инструменттерди эске алуу менен өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптуу даярдыгын белгилешти.

kaynak:https://president.kg/news/all/24340

HABER HAKKINDA GÖRÜŞ BELİRT
POPÜLER FOTO GALERİLER
SON DAKİKA HABERLERİ
İLGİLİ HABERLER
SON DAKİKA